Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Япониянын Хонсю аралында “Дуцзюань” тайфунунан тогуз адам каза болуп, төртөө дайынсыз жоголду. Бул тууралуу ТАСС жазды.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун көпчүлүгүнө катуу жаан-чачындын кесепети тийген. Айрымдары суу каптаганда унааларында калып кеткен.
Жер көчкүнүн кесепетинен 500дөн ашык үй олуттуу зыянга учурады. Эки префектурада 25 миң үй-бүлө электр жарыгысыз калды. Жүздөн ашык унаа суу каптаган жолдорундо экени айтылды.