Бишкек 11.07.25 /Кабар/. Япониянын түштүк-батышындагы Кодакарадзима жана Такарадзима кичи аралдары үч күндүн ичинде болжол менен 10 сантиметрге жылып кеткен. Бул тууралуу NHK телеканалы кабарлагын Известия агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Тохоку университетинин окумуштуусу Ота Юсакунун байкоосу боюнча Кодакарадзима аралы 6 см түндүк-түндүк-батышка, Такарадзима аралы 3,5 см түштүккө жылган.
Белгиленгендей, бул кыймылдар болжол менен 2-июлдагы күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин болгон.