Японияда аралыктан башкарылуучу робот ракты ийгиликтүү операция кылды

Дүйнө 15 октябрь 2026 09:10
Японияда аралыктан башкарылуучу робот ракты ийгиликтүү операция кылды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Японияда август айынан бери ичеги рагы менен ооруган бейтаптарга хирургиялык роботтун жардамы менен беш операция ийгиликтүү жасалды. Операцияларга ар кайсы жерде жайгашкан дарыгерлер аралыктан катышып, роботту алыстан башкарышкан. Бул тууралуу Казинформ Kyodo басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы ыкма өлкөнүн аймактарындагы дарыгерлердин жетишсиздигин жана медициналык адистердин бирдей эмес бөлүштүрүлүшүн чечүүгө багытталган.

Операцияларды Япониянын түндүк-чыгышындагы Аомори префектурасында жайгашкан Хиросаки университетинин ооруканасынын жана Цугару ооруканасынын адистери жүргүзүшкөн.

Ар бир операция учурунда бир хирург Япониянын "Medicaroid" компаниясы иштеп чыккан Нinotori роботун түздөн-түз башкарып турган. Ал эми экинчи дарыгер башка жерден аралыктан туташып, роботту башкаруу аркылуу кесиптешине жардам берген.

Бул өлкөдө дарыгерлер ар башка жерде туруп, роботтук операцияга биргелешип катышкан алгачкы клиникалык учур болуп саналат.

Долбоордун уюштуруучулары март айына чейин дагы бир нече операция жүргүзүп, ыкманын коопсуздугун текшерүүнү пландап жатышат. Андан соң тиешелүү жабдууларды колдонууга уруксат алуу жана аралыктан роботтук операцияларды улуттук медициналык камсыздандыруу системасына киргизүү боюнча иш алып барылат.

Япониянын хирургиялык коомунун аралыктан операция жасоону өнүктүрүү боюнча комитетин жетектеген, Токай университетинин профессору Масаки Мори бул ыкманын негизги максаты аймактардагы хирургиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүндөгү айырмачылыкты жоюу экенин белгиледи.

Анын айтымында, коом аралыктан роботтук операцияларды коммерциялык негизде колдонууну болжол менен эки жылдан кийин баштоого үмүттөнөт.

Адистердин пикиринде, жаңы ыкманы өлкө боюнча жайылтуу бейтаптарга жашаган жерине жакын медициналык жардам алууга шарт түзүп, башка аймактарга барып дарыланууга кеткен убакытты жана чыгымдарды азайтат.