Бишкек 21.07.25 /Кабар/. Япон окумуштуулары жана бир нече компаниялар биригип, табигый кырсыктардан кийин куткаруу иштерине жардам бере турган, адамга окшогон чоң роботту жасап чыгышат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, долбоорду Токио шаарындагы белгилүү Васэда университети Murata, Tmsuk жана Sre Holdings аттуу компаниялар менен чогуу ишке ашырат. Алар жасай турган роботтун бою — 3 метр, салмагы — 300 килограмм болот. Ал робот саатына 5 чакырым ылдамдыкта жүрө алат жана 100 килограммдан ашык жүк көтөрө алат.
Долбоордун негизги максаты — жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктардан кийин пайда болгон урандыларды тазалоо жана адамдарды куткаруу.
Тесттик үлгүсү 2026-жылдын аягына чейин даяр болот деп күтүлүүдө, ал эми роботту көп санда чыгаруу 2029-жылы башталат деп айтылат маалыматта.