Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Япониянын Токара аралында бир жумада дээрлик 900 жер титирөө катталды. Бул тууралуу Казинформ Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматына таянуу менен жазды.
Маалыматка караганда, күчү 5,5 баллга жеткен эң күчтүү жер титирөө 2-июлда күндүз катталган.
Олуттуу кыйроолор тууралуу маалымат жок, бирок тургундарга катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн экендиги эскертилип, эвакуацияга даярдануу сунушталды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, бир суткадагы эң көп жер титирөө – 183 – 23-июнда болгон.
Андан кийин активдүүлүк төмөндөп, бирок айдын аягында кайра жогорулаган. 29-июнда 98, 30-июнда 62 жер титирөө катталган.
Аталган аймакта жалпысынан 700дөй адам жашайт.
Маалымат үчүн: Япония төрт тектоникалык плитанын кошулган жеринде жайгашкан жана жыл сайын 1 миң 500дөй жер титирөөнү башынан өткөрөт.