Японияда 5,2 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө 18 ноябрь 2025 09:10
Японияда 5,2 баллдык жер титирөө катталды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Япониянын Хонсю аралында 5,2 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык–Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн борбору Мияко шаарынан түндүк-чыгышты карай 108 чакырым аралыкта жайгашкан. Бул шаарда болжол менен 51,7 миң адам жашайт. Ошондой эле жер титирөөнүн очогу 33 чакырым тереңдикте болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек жана цунами коркунучу жарыяланган жок.