Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Япониянын Тояма жана Исикава префектураларында нөшөрлөгөн жаандан улам 350 миңден ашуун адамга коопсуз жайларга эвакуациялануу сунушталды. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 180 миңден ашуун адамга коркунучтун эң жогорку — бешинчи деңгээли жарыяланган.
Бул деңгээлде тургундар өмүрүн сактап калуу үчүн тез арада коопсуз жайларга чыгышы керек болот. Дагы 173 миңдей адамга эвакуациялануу сунушталган.
Катуу жаан Исикава, Тояма жана Ниигата префектураларында жаап жатат. Айрым аймактарда акыркы 24 саатта 300 миллиметрден ашык жаан-чачын катталган.
Синоптиктер нөшөрлүү жаандан улам суу ташкыны жана жер көчкү коркунучу жогорулаганын эскертишүүдө.