Европа биримдиги Google компаниясына 403 млн евро айып салды

Дүйнө 21 сентябрь 2026 16:40
Европа биримдиги Google компаниясына 403 млн евро айып салды
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Европа биримдиги Google компаниясына колдонуучулардын жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды иштетүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 403 млн евро айып салды. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ маалымдады.

Ирландиянын Маалыматтарды коргоо комиссиясы (DPC) бул боюнча иликтөөнү 2020-жылы европалык керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо уюмдарынын Google компаниясынын айрым кызматтары жана өнүмдөрү үчүн колдонуучулардын жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды иштетүүсүнө байланыштуу даттанууларынан кийин баштаган.

DPC`нин комиссарынын орун басары Грэм Дойлдун айтымында, колдонуучулар өздөрүнүн жайгашкан жери тууралуу маалыматтар жарнама аркылуу аларга таасир берүү же кызыкчылыктарын аныктоо үчүн колдонулуп жатканын билбей калышы мүмкүн. Бул жеке маалыматтарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келген.

Бул Ирландиянын DPC тарабынан салынган көлөмү боюнча үчүнчү ири айып болуп саналат. Аталган орган Google баштаган ири америкалык технологиялык компаниялар үчүн Евробиримдиктеги негизги жөнгө салуучу мекеме болуп эсептелет.