Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. 2025-жылы дүйнөдө болжол менен 7 миң гуманоид робот сатылып, адам сымал роботтордун рыногу өнүгүүнүн жаңы баскычына өттү. Бул тууралуу AЗЕРТАЖ агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Эл аралык робототехника федерациясы (IFR) 2025-жылдын жыйынтыгы менен гуманоид роботторду биринчи жолу өз статистикасына киргизди. Аталган категорияга сырткы көрүнүшү адамга окшош жана адамдар үчүн түзүлгөн чөйрөдө автономдуу иштей алган роботтор кирет. Алардын сөзсүз түрдө буттары болушу шарт эмес, дөңгөлөктүү платформалар да колдонулушу мүмкүн.
Ошол эле учурда сатылган роботтордун кыйла бөлүгү азырынча окутуу, эксперимент жана изилдөө иштеринде колдонулууда. Bank of America Global Research болжолуна ылайык, 2026-жылы дүйнөдө 90 миңге жакын гуманоид робот сатылышы мүмкүн. 2030-жылга карата бул көрсөткүч 1,2 млн даанага жетиши ыктымал.