Япония 21-октябрда жаңы премьер-министр шайлайт

Дүйнө Загрузка... 15 Октябрь 2025 15:25
citizenship-japan.jpg
copyright icon www

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Япониянын жаңы премьер-министри үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында шайланат. Бул тууралуу TASS агенттиги Япония өкмөтүнүн башкы катчысы Йосимаса Хаяшиге шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда бийликтеги Либералдык-демократиялык партия (ЛДП) алдыдагы шайлоого акыркы даярдыктарды көрүп жатат жана премьер-министрликке партиянын жаңы шайланган лидери Санаэ Такайчини сунуштамакчы.

Ошол эле маалда оппозициялык партиялар да бирдиктүү талапкерди тандоо боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эгер негизги оппозициялык күчтөр макулдашууга жетишсе, 2012-жылдан бери бийликти кармап келе жаткан ЛДПны бийликтен түшүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Комэйто партиясынын башкаруучу коалициядан чыгышы менен Япониядагы саясий кырдаал туруксуз болуп, шайлоонун жыйынтыгы алдын ала айтуу кыйын болуп жатканы белгиленүүдө.

Эгер Санаэ Такайчи шайланса, Япония тарыхындагы биринчи аял премьер-министр болмокчу. Ал премьер болууга болгон аракетин жумшай турганын жана шайлангандан кийин экономиканы чыңдоого артыкчылык берерин билдирген.