Япония HTV-X1 жүк ташуучу кемесин Эл аралык космос станциясына жөнөттү

Дүйнө Загрузка... 27 Октябрь 2025 16:10
WhatsApp Image 2025-10-27 at 07.38.27.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. Япония жаңы муундагы HTV-X1 жүк ташуучу космос кемесин Эл аралык космос станциясына (МКС) ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу Япониянын аэрокосмостук JAXA агенттигине таянып, Интерфакс билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, учуруу Танэгасима аралындагы космостук борбордон H3-24 ракетасы аркылуу ишке ашырылды. Аны менен эл аралык космос станциясына 6 тоннадай жүк жеткирет. Ичинде тамак-аш, жабдуулар жана илимий изилдөөлөр үчүн материалдар бар.

Кеме космос станциясына 29-октябрда туташат.

Ал Япониянын жаңы сериядагы HTV-X космос кемелеринин алгачкысы. 2009–2020-жылдары пайдаланылган эски HTV моделинин ордуна келди.

Бул кеме жалпы 5,8 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Анын ичинен 4 тоннадайы герметикалык бөлүктө, ал эми 2 тоннасы чоң буюмдар үчүн ачык бөлүктө жайгашат. Өзүнүн жалпы салмагы 16 тонна, узундугу 8 метр, диаметри 4,4 метрди түзөт. Аны Mitsubishi Heavy Industries компаниясы JAXAнын тапшырысы менен жасаган.

Кеме МКСтен бөлүнгөндөн кийин дагы 18 айга чейин Жер орбитасында илимий эксперименттерди жүргүзүү үчүн колдонулат. Андан соң ал Жер атмосферасына кирип, күйүп кетет.