Япония элчилиги Покровкадагы стационардык мекемеге материалдык колдоо көрсөттү

Коом 18 сентябрь 2025 18:05
549368100_1238195161683488_6254234086633407523_n.jpg
549521846_1238195071683497_1420085881302289865_n.jpg
548471292_1238195225016815_5330464168805701729_n.jpg
548658702_1238195421683462_2361893955199200965_n.jpg
548791856_1238195485016789_4775063672876045948_n.jpg
549894088_1238195411683463_804880095584241936_n.jpg
550461041_1238195425016795_2925737959145980111_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Япониянын элчилиги Покровкадагы социалдык стационардык мекеменисинин кызмат алуучуларынын шарттарын жакшыртууга колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык касыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Япониянын Кыргызстандагы элчилиги менен Покровкадагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин ортосунда кол коюлган гранттык контракттын негизинде "Покров ССМнин жашоо жана медициналык тейлөөнүн шарттарын жакшыртуу" долбоору ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Долбоор "Чөптөрдүн тамыры жана адамдын коопсуздугу" программасынын алкагында ишке ашырылды.

Долбоордун алкагында мекеме кир жуугуч машина, камыр жууруучу аппарат, нан бышыруучу меш, кыска толкундуу терапия аппараты, стоматологиялык жабдуулар жана медициналык кызмат унаасы сыяктуу керектүү жабдуулар менен камсыздалды.

Жабдууларды расмий тапшыруу аземи эмгек министринин орун басары Айнура Орозбаева, Япониянын элчиси Года Хидэки, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.