“Кыргыз жараны” концепциясынын долбоору ЖМК өкүлдөрү менен талкууланууда

Коом 1 октябрь 2026 13:10
WhatsApp Image 2026-10-01 at 09.04.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 09.53.37.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-01 at 09.04.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 09.53.37.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. 2027-2031-жылдарга карата диний жана этностук чөйрөдөгү “Кыргыз жараны” улуттук биримдик концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнун катышуусунда консультативдик жыйын өтүүдө.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары, ЖМК өкүлдөрү, блогерлер, медиаэксперттер, мамлекеттик программаны иштеп чыгуучу эксперттер, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, ЮНЕСКО жана БУУ өкүлдөрү катышууда.

Жыйын “Кыргыз жараны” жарандык биримдик мамлекеттик программасынын негизги идеялары боюнча бирдиктүү түшүнүктү калыптандыруу, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына, коммуникациялык стратегияга жана медиапланга сунуштарды алуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын медиакоомчулугу менен өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо максатын көздөй турганы айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө талкуулар уюштурулуп, сунуш-пикирлер ортого салынууда.