Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынганы эскертилди

Коом 1 октябрь 2026 13:00
Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынганы эскертилди
copyright icon Кабар

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардан жана ата-энелерден мыйзамсыз түрдө акча чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Агартуу министрлигинин Тарбия жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков билдирди.

Ал ата-энелерди жана мугалимдерди мыйзамсыз акча чогултуу фактылары катталган учурда министрликке кайрылууга чакырды.

"Мындай учурларды укук коргоо органдары менен биргеликте карап чыгып, Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чараларды көрүүгө даярбыз", – деди ал.

Эркимбеков белгилегендей, президенттин "Балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө, аларды кайтарууга жана зарыл болгон чарбалык-тиричилик товарлары менен камсыздоого каражаттар милдеттүү түрдө мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.