Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Япониянын батышындагы Окаяма менен Седосима аралынын ортосунда каттаган жүргүнчү ташуучу паром дүйнөдө биринчи жолу автономдуу навигация технологиясы менен иштей баштайт. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Olympia Dream Seto аттуу паром өкмөттүн уруксатын алгандан кийин эртең жарым-жартылай автономдуу режимде иштей баштайт.
Демилге Япониядагы жумушчу күчүнүн тартыштыгына жооп берүүчү чечим болуп, алыскы аралдарды туруктуу транспорт менен камсыздоого шарт түзөт.
Паром алдыдагы кемелерди өз алдынча таанып, маршрутун коопсуз өзгөртө аларын көрсөткөн. Бул технология деңиз транспортунда коопсуздукту жогорулатып, адам факторун азайтууга багытталган.
Долбоор Nippon Foundation жана 50дөн ашуун компания биригип иштеп чыккан пилотсуз кемелерди коммерциялаштыруу боюнча кеңири программага кирет. Эгерде ийгиликтүү болсо, логистиканы туруктуу жүргүзүүгө жана деңиз кырсыктарын азайтууга жардам берери күтүлүүдө.
2026-жылдын апрелине чейин дагы үч кеме, анын ичинде контейнер ташуучу кеме да ушул технология менен коммерциялык түрдө ишке киргизилет.