Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Япониянын өкмөтү жарандар менен чет элдик тургундардын ортосунда тартиптүү жана коопсуз коомду түзүү максатында атайын жаңы кеңсе ачты. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка караганда, бул орган Министрлер кабинетине караштуу болуп, анын курамына Юстиция министрлиги жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кирет.
Кеңсенин ачылыш аземи күн мурун өттү.
Премьер-министр Шигеру Ишиба өз сөзүндө Японияда калктын улгайып, тукум улоо деңгээли төмөндөп жатканын белгилеп, чет элдик жумушчу күчүн жана туристтерди тартуу зарылдыгын баса белгилеген.
Ал айрым чет элдик жарандардын мыйзам бузуу аракеттери, туура эмес жүрүм-туруму жана системалардан туура эмес пайдалануу учурлары Япониянын коомунда тынчсызданууну жаратып жатканын айтты.
Өкмөттүн башчысы жаңы түзүлгөн орган чет элдиктердин ишмердүүлүгүнө көз салуу, эреже бузгандарга чара көрүү жана колдонулуп жаткан системаларды кайра карап чыгуу боюнча иштерди алып барарын кошумчалады.