Январь-февраль айларында өлкөдө 11 миң 614 жаранга пенсия чектелди

Коом 7 март 2025 10:56
Январь-февраль айларында өлкөдө 11 миң 614 жаранга пенсия чектелди

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылдын январь-февраль айларында 11 миң 614 жаранга пенсия чегерилди.

Социалдык фонддон билдиришкендей, анын ичинде февраль айында 3 миң 906 жаранга пенсия чектелген. Ал эми эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде 1 миң 376 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген.

Соцфонд пенсияга байланыштуу суроолорго жооп алуу үчүн 1202 номерине кайрылууну сунуштайт.