Якутияда токой өрттөрү 14 миң гектарга жакын жерди каптады

Дүйнө Загрузка... 28 Август 2025 17:29
WhatsApp Image 2025-08-28 at 13.16.36.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Якутиянын 12 районунда жалпысынан 14 миң гектарга жакын аянтта токой өрттөрү катталды. Бул тууралуу республиканын Экология министрлигине таянып, Интерфакс агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Верхоян, Вилюйс, Кобяйс, Жиганск, Ленск, Мирнинск, Олекминск, Оленекск, Усть-Алданск, Хангаласск, Среднеколымск жана Томпонск райондорунда жалпы 13,8 миң гектар аянтта 30дай токой өртү катталган. Өрттү өчүрүүгө 389 адам тартылган.

Азыркы тапта Мирнинск районундагы токойлордо өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ал эми Олекминск, Чурапчинск, Эвено-Бытантайск райондорунда, Жатай шаардык округунда жана Якутск шаарында өзгөчө өрт коопсуздук чаралары колдонулууда.

Белгилей кетсек, Якутия – Россиядагы өрт кооптуулугу эң жогору аймактардын бири болуп саналат. 2024-жылы республиканын аймагында токой жана табигый өрттөрдүн жалпы аянты 3,25 млн гектарды түзгөн.

Быйылкы өрт кооптуулугу сезону башталгандан бери 73 адам күнөөлүү деп табылып, токойдогу өрт коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн 152 протокол түзүлгөн.