Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Якутиянын Верхоянск районунда адам менен жылкынын байыркы көрүстөнү табылды. Бул тууралуу маданий мурастарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Николай Макаров ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, аталган көрүстөн Верхоянск шаарынан алыс эмес жерде, жер казуу иштеринин жүрүшүндө табылган.
Мындай көрүстөндөр сейрек кездешет. Бирок бул табылга илимий же тарыхый жактан канчалык баалуу экени археологдордун изилдөөсүнөн кийин белгилүү болот.
Макаров кошумчалагандай, көмүлгөн жайдын ичинен байыркы буюмдар табылышы мүмкүн. Себеби мындай көрүстөндөр атайын ырым-жырымдар менен коштолгондуктан, алар менен кошо ар кандай буюмдар көмүлгөн болушу ыктымал. Ошондой эле, ал бул аймакта дагы башка ушул сыяктуу көрүстөндөрдүн табылышы мүмкүн экенин да четке каккан жок.