Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Якутияда 62,8 миң гектардан ашык аянттагы 15 токой өрттөнүүдө. Бул тууралуу аймактык Экология министрлигине таянып, ТАСС агенттиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, сутка ичинде 14 192,5 гектар аянттагы алты өрт өчүрүлдү. Алар Верхоян, Мом, Ленск, Нижнеколым, Среднеколым жана Томпон райондорунан орун алган.
Жалпысынан алганда быйылкы жылы аймакта 96 990,8 гектар аянттагы 295 токой өртү өчүрүлгөн. Ошондой эле анын чыгышына себепкер болгон 73 адам аныкталып, эреже бузгандарга 150 протокол түзүлгөн.
Якутия — өрт коркунучу жогору аймактардын бири болуп саналат. Жалпы токой аянты 256,1 млн гектар (аймактын 83,4%ын). 1-майдан тартып өрт үчүн кооптуу мезгил, 5-июндан тартып өзгөчө өрт коопсуздугу тартиби киргизилген.