Якутияда 5,7 баллдык жер титирөө болду

Дүйнө Загрузка... 05 Ноябрь 2025 09:10
1ccdd109-4a88-4940-915d-abec05ee4a88.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Якутиянын түндүк-чыгышындагы алыскы райондо 5,7 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу маалымат Европалык – Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, ТАСС билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Белая Гора айылынан болжол менен 165 чакырым түштүк-батышта жана Якутскиден 881 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Ал эми тереңдиги болжол менен 12 чакырым деп аныкталды.

Азырынча кыйроолор же жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.

Белгилей кетсек, Белая Гора айылынын калкы 2,3 миңдей адамды түзөт.