Volkswagen тарыхында алгач ирет Германиядагы заводун жапты

Дүйнө Загрузка... 17 Декабрь 2025 15:05
WhatsApp Image 2025-12-17 at 14.44.24.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25 /Кабар/. Германиянын Volkswagen автоконцерни дээрлик 90 жылдык тарыхында биринчи жолу өлкө ичиндеги заводун жапты. Бул тууралуу Известия билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, Германиянын өнөр жай ийгилигинин символу катары эсептелип келген Дрезден шаарындагы атактуу “Ачык айнек мануфактурасы” (Gläserne Manufaktur) өндүрүшүн токтотуп, келечекте музейге айланышы мүмкүн.

Заводду курууга катышкан Вильгельм Корс бул чечимди өкүнүү менен кабыл алганын билдирип, “Биз бул технологияга көп эмгек жана каражат жумшадык. Бул иш узак мөөнөттүү келечекке ээ болот деп ишенгенбиз, бирок тилекке каршы, күткөндөй жыйынтык берген жок”,- деген.

2001-жылы ачылган бул заводдон акыркы болуп кызыл түстөгү ID.3 электромобили конвейерден чыкты. Завод иштеген мезгилде жалпы 165,5 миң унаа чыгарылган. Алардын арасында Ватикан үчүн жасалган атайын моделдер да бар. Заводдун жабылышына - Россияга каршы санкциялар, арзан газдан баш тартуу, өндүрүш чыгымдарынын өсүшү жана кытай автопромунун технологиялык артыкчылыгы сыяктуу бир катар факторлор себеп болгон.

Ошондой эле Volkswagen Group компаниясынын 2025-жылдын алгачкы тогуз айындагы кирешеси 58%га азайган. Ал эми Mercedes компаниясынын кирешеси эки эсеге кыскарган. 2019-жылдан бери Германиянын автопром тармагындагы кризис 120 миңге жакын жумуш орунунун жоюлушуна алып келген.

Financial Times гезити 1-ноябрда Германиянын автоөнөр жайында 200 миңге чейин кызматкер кыскарышы мүмкүн экени маалымдалган. Буга Mercedes-Benz жана Volkswagen компанияларынын алсыраган кварталдык көрсөткүчтөрү себеп болууда. Автоөнөр жай боюнча эксперт Фердинанд Дуденхоффер Mercedes-Benz компаниясынын чыгымдары кызматкерлерге төлөнгөн ири компенсациялар менен байланыштуу экенин, ушундай эле абал Volkswagenде да байкалып жатканын айткан.