Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Президент 1204 27 Ноябрь 2025 22:56
IMG_2594.jpeg
IMG_2595.jpeg
IMG_2596.jpeg
IMG_2597.jpeg
IMG_2598.jpeg
IMG_2599.jpeg
IMG_2600.jpeg
IMG_2601.jpeg
IMG_2602.jpeg
IMG_2603.jpeg
IMG_2604.jpeg
IMG_2605.jpeg
IMG_2607.jpeg
IMG_2608.jpeg
IMG_2609.jpeg
IMG_2610.jpeg
IMG_2611.jpeg
IMG_2612.jpeg
IMG_2613.jpeg
IMG_2614.jpeg
IMG_2615.jpeg
IMG_2616.jpeg
IMG_2617.jpeg
IMG_2618.jpeg
IMG_2619.jpeg
IMG_2620.jpeg
IMG_2622.jpeg
IMG_2623.jpeg
IMG_2624.jpeg
IMG_2626.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2594.jpeg
IMG_2595.jpeg
IMG_2596.jpeg
IMG_2597.jpeg
IMG_2598.jpeg
IMG_2599.jpeg
IMG_2600.jpeg
IMG_2601.jpeg
IMG_2602.jpeg
IMG_2603.jpeg
IMG_2604.jpeg
IMG_2605.jpeg
IMG_2607.jpeg
IMG_2608.jpeg
IMG_2609.jpeg
IMG_2610.jpeg
IMG_2611.jpeg
IMG_2612.jpeg
IMG_2613.jpeg
IMG_2614.jpeg
IMG_2615.jpeg
IMG_2616.jpeg
IMG_2617.jpeg
IMG_2618.jpeg
IMG_2619.jpeg
IMG_2620.jpeg
IMG_2622.jpeg
IMG_2623.jpeg
IMG_2624.jpeg
IMG_2626.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Россия президенти Владимир Путиндин 25-27-ноябрда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчылар Садыр Жапаров жана Владимир Путин Бишкек шаарында Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюшту.

Эртеси күнү “Ынтымак Ордодо” лидерлердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Мындан кийин мамлекет башчыларынын кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү болду. Кыргыз-орус өз ара аракеттенүүсүнүн негизги маселелери, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Садыр Жапаров менен Владимир Путин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттануу билдиришип, өз ара аракеттенүүнү арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге, ошондой эле союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Андан соң президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасап, эки өлкөнүн жалпы максаты - жакынкы жылдарда өз ара соода көрсөткүчтөрүндө 5 миллиарддык чекке жетүү экенин билдирди.

Андан ары ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында уюмга мүчө-мамлекеттердин башчыларына "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыскача этномаданий программа тартууланды. Жогорку даражалуу конокторго "Кыргыз айылы" этнографиялык комплекси тааныштырылды.

Өлкө лидерлери эртеси күнү Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышышты.

Мамлекеттик сапар аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путинди аэропорттон узатты.