Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Кытайга барды

Дүйнө Загрузка... 20 Май 2026 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Кытайга барды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалымдалгандай, Путин Пекинге Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барды. Анын мамлекеттик сапары эки күнгө созулат. Бул Путиндин Кытайга болгон 25-сапары болуп саналат.

Сапардын алкагында өлкө лидерлери эки тараптуу алаканы, ар кыл тармактардагы кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулашары айтылууда.

Путиндин сапары орус-кытай өнөктөштүк мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына туш келди.

Эске салсак, саналуу күн мурда Кытайга мамлекеттик сапар менен АКШ президенти Дональд Трамп барган. Анда ал Пекинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, күн тартибиндеги бир катар маселелер талкууланган.