Визадан спортко чейин: Кыргызстан менен Беларусь 14 документке кол койду

Министрлер кабинети 29 Сентябрь 2025 15:55
68da51b940da7.jpeg
68da51bc6217d-thumb.jpeg
68da51bcd2b11-thumb.jpeg
68da51bd2ada5-thumb.jpeg
68da51bd48455-thumb.jpeg
68da51bde2af6-thumb.jpeg
68da51be4acae-thumb.jpeg
68da51bed973a-thumb.jpeg
68da51bf5f72c-thumb.jpeg
68da51bf9e1b3-thumb.jpeg
68da51c2a69d9-thumb.jpeg
68da51c05e53c-thumb.jpeg
68da51c112dd5-thumb.jpeg
68da51c208a3f-thumb.jpeg
68da51c2120a8-thumb.jpeg
68da51b9a0afd-thumb.jpeg
68da51b940da7-thumb.jpeg
68da51ba1ae91-thumb.jpeg
68da51ba8aa75-thumb.jpeg
68da51bb7c028-thumb.jpeg
68da51bb534cd-thumb.jpeg
68da51bc0d817-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68da51b940da7.jpeg
68da51bc6217d-thumb.jpeg
68da51bcd2b11-thumb.jpeg
68da51bd2ada5-thumb.jpeg
68da51bd48455-thumb.jpeg
68da51bde2af6-thumb.jpeg
68da51be4acae-thumb.jpeg
68da51bed973a-thumb.jpeg
68da51bf5f72c-thumb.jpeg
68da51bf9e1b3-thumb.jpeg
68da51c2a69d9-thumb.jpeg
68da51c05e53c-thumb.jpeg
68da51c112dd5-thumb.jpeg
68da51c208a3f-thumb.jpeg
68da51c2120a8-thumb.jpeg
68da51b9a0afd-thumb.jpeg
68da51b940da7-thumb.jpeg
68da51ba1ae91-thumb.jpeg
68da51ba8aa75-thumb.jpeg
68da51bb7c028-thumb.jpeg
68da51bb534cd-thumb.jpeg
68da51bc0d817-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. 

Тизме: 

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы макулдашуу; 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Беларусь Республикасынын Спорт жана туризм министрлигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу; 

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Беларусь Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу; 

- Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы 2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы, анда товар жүгүртүүнү 500 миллион АКШ долларына чейин жеткирүү каралган; 

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Беларусь Республикасынын Байланыш жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы санариптик өнүктүрүү жаатында стратегиялык кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; 

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Беларусь Республикасынын Жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу; 

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Беларусь Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасы; 

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; 

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун (УСДИ) жана Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун (БСИИ) 2025–2026-жылдарга биргелешкен иш-чаралар планы; 

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум; 

- Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы 2025-2027-жылдарга маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы; 

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Беларусь Республикасынын Соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы соттук-эксперттик ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу; 

- Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Беларусь Республикасынын Брест облусунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.