Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдан тарта вирустук гепатиттер боюнча акысыз текшерүү киргизилгенден бери В гепатитине 1 млн 454 миң 324 адам, ал эми С гепатитине 1 млн 445 миң 903 адам текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында вирустук В гепатити 48 миң 60 адамдан, ал эми С вирустук гепатити 26 миң 117 адамдан аныкталган.
Мындан тышкары, Ишенапысова Д гепатити боюнча 20 миң 520 адам текшерүүдөн өткөнүн, алардын ичинен 1562 адамдан оорунун белгиси бар болуп чыкканын белгиледи.
“Бул ооруну алгачкы баскычтарында аныктоого жана дарылоону өз убагында баштоого мүмкүнчүлүк берет”, – деди ал.