Вьетнамдагы тайфундан каза болгондордун саны 34кө жетти

Дүйнө Загрузка... 02 Октябрь 2025 16:40
1200x675_cmsv2_be9cd090-8df4-551e-bf87-6bbe6792f39c-8727996.webp

Бишкек, 02.10.25 /Кабар/. Вьетнамда катуу жааган жаан-чачын, суу ташкын жана көчкүнү коштогон «Буалой» тайфуну 34 адамдын өмүрүн алып, дагы 140 адам жаракат алганын Kazinform агенттиги жазды.

Вьетнамдын VNA маалымат агенттигинин маалыматына караганда, дагы 20 адам дайынсыз.

Кырсык инфраструктурага олуттуу зыян келтирди. Катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр 155 миңдей үйдү жараксыз абалга келтирип, 2,7 миллионго жакын үй-бүлөнү жарыксыз калтыруу менен 3000ден ашуун жол жабылып калган. Ошондой эле 34 миң гектардан ашуун күрүч жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү жок болгон.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча экономикалык зыян 8,78 триллион вьетнамдык донгду (болжол менен 333 миллион доллар) түзгөн.

Белгилей кетсек, «Буалой» — быйыл Чыгыш деңизине соккон 10-чү тайфун болуп саналат.