Вьетнамда суу ташкынынан 98 адам каза болуп, 11 адам дайынсыз болууда

Дүйнө Загрузка... 27 Ноябрь 2025 14:06
WhatsApp Image 2025-11-27 at 11.32.51.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Вьетнамда суу ташкынынан 98 адам каза болуп, 11 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрынан бери Вьетнамдын борбордук бөлүгүндө нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 1 миң 154 турак үй жабыркап, 1 млн жаран электр жарыгысыз калган.

Мындан тышкары, айыл чарбасында 82 миң га күрүч, 117 миң га айыл чарба өсүмдүктөрү жана жемиш плантациялары зыянга учураган жана 3,5 млн үй жаныбарлары, канаттуулар өлгөн.

Вьетнам бийлигинин эсептөөлөрүндө табигый кырсыктын материалдык чыгымы 13 трлн донгдонду (490 млн доллар) түзгөн.