Бишкек, 30.10. 25. /Кабар/. Вьетнамда суу ташкындары жана жер көчкүлөр 10 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, Вьетнамдын Дананг шаарында суу ташкынынан алты адам каза болуп, 19 адам жаракат алган. Шаарда төрт адам дайынсыз жоголууда, ал эми көптөгөн үйлөр, айыл чарба жерлери жана миңдеген жаныбарлар жабыркаган.
Хюэ шаарында суу ташкынынан бир адам каза болуп, беш жашар кыз дайынсыз жоголууда.
Куангнгай провинциясында 120дан ашык жер көчкү болуп, кеминде үч адам каза болду.
Суу ташкындары жана жер көчкүлөр жолдорду жаап, ондогон адамдар унааларында камалып калды.
Вьетнамдын метеорологиялык башкармалыгы Хюэде акыркы 24 саатта жааган жаан-чачын рекорддук деңгээлге жеткенин билдирди.
ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген байыркы Хойан шаарында суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, туристтерди кайык менен эвакуациялоого аргасыз кылды.
Мындан тышкары, катуу жааган жамгырдан улам поезд каттамдары токтоп, миңдеген жүргүнчүлөр жабыркады.