Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. Кыргызстандык жаран Вьетнамдагы ооруканалардын биринде оор абалда жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-мартта 1975-жылы туулган Кыргызстандын жараны С.А. Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилген. Жаранда олуттуу жаракаттар жана татаалдашуулар аныкталган, анын абалы туруксуз. Хошимин шаарындагы медициналык мекемеге көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилиги жергиликтүү органдар менен тыгыз кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатат жана жанында жүргөн Кыргызстандын жарандары менен тыгыз байланышта болууда.
Белгиленгендей, бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана Кореядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.