Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн “ШКУ+” форматындагы жолугушууда Вьетнам Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) менен Шанхай кызматташтык уюмунун ортосунда байланыштыруучу көпүрө болууга даяр экенин билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө терең өзгөрүүлөр болуп, коопсуздук чакырыктары татаалдашып жаткан шартта БУУнун жана ШКУнун мааниси өсүп жатат. Во Тхи Ань Суан ШКУ 25 жыл ичинде терроризмге жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн маанилүү механизмине айланганын белгилеп, Вьетнам уюмга мүчө мамлекеттер менен мамилелерге чоң маани берерин кошумчалады.
Тараптардын ортосундагы мындай кызматташтык Түштүк-Чыгыш Азиянын Борбор Азия жана Евразия мейкиндиги менен байланыштарын бекемдеп, кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана элдерге практикалык пайда алып келүүгө өбөлгө түзөт.
Вице-президент ошондой эле Вьетнам “Доймой” жаңылануу саясатынын жетишкендиктерине таянып, стратегиялык өнүгүү максаттарына жетүүгө умтулуп жатканын айтып, тынчтык жана гүлдөп-өскөн аймакты курууга көмөктөшүүгө даяр экенин баса белгиледи.