Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Беларустун президенти Александр Лукашенко бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн “ШКУ+” форматындагы жолугушууда Шанхай кызматташтык уюму көп уюлдуу дүйнөнү калыптандыруу боюнча билдирүүлөрдөн конкреттүү аракеттерге өтүшү керектигин билдирди.
Лукашенко БУУнун универсалдуу мандаты жана ар түрдүү мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу мүмкүнчүлүгү менен өзгөчө роль ойной турганын белгилеп, ШКУ менен БУУнун кызматташтыгын күчөтүүнү сунуштады.
Анын айтымында, уюм эл аралык коопсуздук, терроризмге жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүү, ошондой эле экономикалык өнөктөштүк менен транспорттук байланыштарды өнүктүрүү багыттарында демилгелерди алдыга жылдыра алат.
Беларусь лидери Евразиянын XXI кылымдагы көп түрдүүлүк жана көп уюлдуулук хартиясын иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүү жараяны башталарын айтып, бул багыттагы практикалык иштер быйыл ноябрда Минск коопсуздук конференциясынын алкагында башталаарын билдирди.
Ошондой эле ал ШКУнун ири мамлекеттерин — Кытай, Индия жана Россияны көп уюлдуулукту өнүктүрүү боюнча көбүрөк демилге көтөрүүгө чакырды.