Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Пакистандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылган мезгилинде маалыматтык технологияларды жана энергетиканы өнүктүрүүгө, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкарууга басым жасалат. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн “ШКУ+” форматындагы жолугушууда билдирди.
Ал дүйнө олуттуу өзгөрүүлөрдүн мезгилин баштан кечирип жатканын белгилеп, глобалдык чакырыктар инклюзивдүү жана көп тараптуу мамилени талап кыларын айтты.
“Пакистан БУУнун уставына, көп тараптуу мамилени өнүктүрүүгө жана адилеттүү, көп уюлдуу жана тынч эл аралык тартипти түзүүгө бекем берилген бойдон калууда”, — деди Шахбаз Шариф.
Пакистандын премьер-министри конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун жана аймакта узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Газадагы кырдаалга токтолуп, Шахбаз Шариф эл аралык коомчулукту палестин элинин азап-тозогуна чекит коюуга жана анын тынчтыкка болгон укугун камсыз кылууга чакырды.
Ал ошондой эле терроризмге, сепаратизмге жана диний экстремизмге каршы күрөшкө өзгөчө көңүл буруп, аларды мамлекеттер үчүн жалпы коркунуч деп атады.
“Биз терроризмге жалпы кызыкчылыгыбыз үчүн гана эмес, бардык элдердин жыргалчылыгы үчүн күрөшүп жатабыз”, — деп баса белгилеп, Пакистан менен коңшу мамлекеттердин бул багыттагы биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн кошумчалады.
Сөзүнүн соңунда ал жолугушуунун катышуучуларын ШКУнун кийинки жыйынына Исламабадга катышууга чакырып, ШКУ жана “ШКУ+” форматынын алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Пакистандын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга үндөдү.