Вьетнамдын вице-президенти Кыргызстанга иш сапары менен келди — Кабар

Вьетнамдын вице-президенти Кыргызстанга иш сапары менен келди

Саясат 30 август 2026 23:35
6a945ac37baf0.jpeg
6a945ace9ea0e.jpeg
6a945acbe818c.jpeg
6a945ac8b4c37.jpeg
6a945ac3d436b.jpeg
6a94668272387.jpeg
Алдыга
Артка
6a945ac37baf0.jpeg
6a945ace9ea0e.jpeg
6a945acbe818c.jpeg
6a945ac8b4c37.jpeg
6a945ac3d436b.jpeg
6a94668272387.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.

Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Вьетнамдын вице-президентине  Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.