Мьянмадагы зилзалада каза болгондордун саны 3600гө жетти

Дүйнө 7 апрель 2025 12:02
Мьянмадагы зилзалада каза болгондордун саны 3600гө жетти

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Мьянмадагы зилзаладан каза болгондордун саны 3600гө, ал эми жаракат алгандардын саны 5012ге жетти. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, дагы 210 адам дайынсыз болууда.

Эске салсак, 28-мартта Мьянмада 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаланын очогу өлкөдөгү 1,5 млн адам жашаган Мандалай шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Бир катар райондорду кыйраткан жер титирөө Нейпьидо шаарынын 2 700 жашоочусунун өмүрүн алды. 31-марттан 6-апрелге чейин Мьянмада улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Жердин силкинүүсү Таиланд, Кытай жана Вьетнамда да сезилген.