Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти менен жолукту — Кабар

Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти менен жолукту

Президент 31 август 2026 15:25
789506034_1629377118799123_7492490181947556681_n.jpg
789213869_880656991797225_1192575566893337990_n.jpg
789446315_4539194906335979_1442605630624125069_n.jpg
790591311_2551909871999144_781629524592795377_n.jpg
Алдыга
Артка
789506034_1629377118799123_7492490181947556681_n.jpg
789213869_880656991797225_1192575566893337990_n.jpg
789446315_4539194906335979_1442605630624125069_n.jpg
790591311_2551909871999144_781629524592795377_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолугушту.

Садыр Жапаров Во Тхи Ань Суандын сапары кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстан соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, туристтик, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Во Тхи Ань Суан Кыргызстан Вьетнамдын Борбор Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын айтты. Ал эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, негизги багыттар боюнча биргелешкен ишти активдештирүүгө чакырды.

Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштардын жана туризмдин элдер ортосундагы достукту бекемдөөдөгү маанисине токтолуп, конструктивдүү диалогду мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров кыргыз-вьетнам инвестициялык кызматташтыгынын ийгиликтүү мисалдарын атап өттү. Тактап айтканда, “Рокс Груп” вьетнамдык компаниясы Кыргызстанда энергетика жана шаардык инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда.

Инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн “Рокс Груп” компаниясынын жетекчиси Чань Ань Туан “Достук” ордени менен сыйланды.