Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Вьетнамдын түндүгүндө жана борбордук бөлүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдын жана "Матмо" тайфунунун кесепетинен 10 киши каза болуп, жети киши жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа Вьетнамдын Табигый кырсыктардын алдын алуу департаменти билдиргенин жазды.
Маалыматка караганда, 222 миңден ашык үйдү суу каптап, дагы 711и жабыркады. Ошондой эле 23 миң гектарга жакын күрүч жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү суу астында калган. 360 миң башка жакын мал жана үй канаттуулары өлдү, айрымдарын сел суулары агызып кеткен.
Ошону менен бирге үзгүлтүккө учураган электр энергиясы 217 миңден ашык үй-бүлөгө зыян келтирип, байланыш тармактары жарым-жартылай үзүлгөн.
Ал арада Вьетнам өкмөтү жабыркаган провинцияларды колдоо үчүн 140 млрд донг (болжол менен 5,7 млн АКШ доллары) бөлдү.