Вьетнамда кайык оодарылып, 30дан ашык адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 21 Июль 2025 09:05
353512c8-6928-45ef-b97e-db72c6cdf31c.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 21.07.25 /Кабар/. Вьетнамдагы Халонг булуңунан оодарылган кайыктан 34 адам каза болуп, 8 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Евроньюс маалымдады.

Маалыматка ылайык, туристтерди ташыган кайык күтүлбөгөн штормдон улам оодарылып кеткен. Анын ичинде 48 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.

Куткаруучулар 11 адамды аман алып чыгышканы айтылат. Алардын арасында 14 жаштагы бала да бар. Каза болгондордун көбү Ханойдон келген туристтер, алардын ичинде 20га жакын өспүрүм болгон.

Кырсык болуп жаткан маалда "Випха" деген тропикалык шторм Вьетнамдын түндүгүнө жакындап келе жаткан.