Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Вьетнамда "Кадзики" тайфунунан улам үч адам каза таап, дагы ону жабыркады. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлайт.
Анда белгиленгендей, "Кадзики" тайфуну нөшөрлөгөн жамгыр, катуу шамал жана суу ташкынын чакырды.
Натыйжада 6,8 миңден ашык үй жабыркап, 18 миң бак-дарак кулады. Ошондой эле 28,8 миң гектар күрүч талаасын жана 2,2 миңден ашык жердеги өсүмдүктөрдү суу каптады.
Тайфун энергетикалык инфраструктурага да зыян келтирген, 331 электр мамычасы жабыркагандыктан, 1,3 млн жашоочу жарыксыз калды.
Жергиликтүү бийлик тарабынан учурда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө жана зыяндын өлчөмү такталууда.