Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Вьетнамда бүгүн "Буалой" бороонунун кесепетинен 12 адам каза болуп, дагы 17 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу БельТА агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун басымдуу бөлүгү Ниньбинь провинциясында катталган. Мындан тышкары, Тханьхоа, Хуэ жана Дананг шаарларында бирден адам каза болгон.
"Буалой" бороону өлкөнүн борбордук провинцияларындагы ондогон үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен. Бул кырдаал чоң материалдык зыян алып келип, адамдардын өмүрүнө жана жашоо шартына олуттуу таасир тийгизген.
Бүгүн эртең менен Ниньбинь провинциясынын жээгин бойлой күчтүү торнадо каптап, көптөгөн үйлөрдү, мектептерди жана электр инфраструктурасын жабыркаткан. Электр мамылары кулап, аймакта жарык берүү үзгүлтүккө учураган.
Бороон Хайфон жана Хун Йен аймактарында да байкалган.