Вьетнамда бир күндө рекорддук жаан-чачын жаады

Дүйнө 29 октябрь 2025 11:35
Вьетнамда бир күндө рекорддук жаан-чачын жаады

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Вьетнамда бир күндө рекорддук жаан-чачын жаады. Бул тууралуу Интерфакс Channel News Asia кабарлаганын жазды.

Маалымат боюнча, күн мурун Хью шаарында жаан-чачын катуу жаап, 1999-жылдагы рекордун жаңылады.

Метеорологдор өлкөнүн борбордук бөлүгүндө алдыдагы күндөрү катуу жаан-чачын улана берерин эскертишүүдө.

Вьетнамдагы нөшөрлүү жамгыр өткөн аптада башталып, суу ташкындарына, жер көчкүлөргө жана имараттардын бузулушуна алып келди. 8600дөн ашык адам эвакуацияланды.