Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Венесуэланын түштүк-чыгышындагы Боливар штатында жайгашкан алтын кени урап, кеминде 14 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык Россио муниципалитетине караштуу Эль-Каллао шаарында болгон. Кендин урап түшүшүнө катуу жааган жамгырдан кийин пайда болгон сел себеп болгон.
Учурда жарандык коргонуунун кызматкерлери сууга капталган аймактан каза болгондордун сөөктөрүн алып чыгуу иштерин улантууда.
Россио шаарынын мэри Вуэлм Торреллас кырсыктан жабыр тарткандардын жакындарына көңүл айтып, кырсык болгон жерде дренаж жана оңдоо иштерин координациялоо үчүн атайын командалык пункт түзүлгөнүн билдирген.