Венесуэла өзүнүн коопсуз улуттук мессенжерин түзөт

Дүйнө Загрузка... 01 Июль 2025 11:22
WhatsApp Image 2025-07-01 at 10.51.43.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Венесуэла өзүнүн коопсуз санариптик байланыш системасын иштеп чыгууда, ал чет элдик мессенджерлердей тыңчылык жана зордук-зомбулук үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу РИА Новости Түштүк Американын президенти Николас Мадуронун маалыматына таянуу менен жазды.

“Биз коопсуз байланыш системасын иштеп чыкканы турабыз. Анткени, учурда иштеп жаткан системалардын баары биздин жашообуз тууралуу баарын билүү үчүн колдонулат",- деген өлкө башчысы.

Мамлекет башчы Россияда түзүлүп жаткан улуттук Макс мессенжери тууралуу маалыматка комментарий берип жатып, популярдуу мессенджерлерди, айрыкча WhatsApp`ты колдонуудан баш тартканын колдоого алган.

Анын айтымында, бул кызмат толук байкоо жүргүзүүнүн куралы катары кызмат кылат жана ал тургай аскердик максатта да колдонулат.