Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда "Венчурдук каржылоо жөнүндө" мыйзам долбоору, венчурдук каржылоо маселелерине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгелер талкууланды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, стартап экосистемасынын катышуучулары, инвесторлор жана тармактык эксперттер катышты.
Анда бизнес-коомчулуктун сунуш-пикирлери каралды.
"Бүгүнкү күндө инновациялык экосистеманы өнүктүрүү, жаңы инвестициялык инструменттерди киргизүү жана жеке капиталды тартуу өлкөнүн инвестициялык потенциалын кеңейтүүдөгү маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Венчурдук каржылоо механизмдерин өнүктүрүү стартаптарды колдоого, технологиялык ишкердикти алдыга жылдырууга жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө түзөт", - деп белгиледи агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Катышуучулар венчурдук каржылоо боюнча мыйзамдардын кабыл алынышы стартап экосистемасын өнүктүрүүгө, инвестициялык чөйрөнүн ачыктыгын жогорулатууга жана инновациялык долбоорлорго капитал тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болорун белгилешти.
Ошондой эле мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп, стимулдаштыруучу механизмдерди жана жаңы инструменттерди киргизүү Кыргызстанда венчурдук рыноктун калыптанышына оң таасирин тийгизери айтылды.
Accelerate Prosperity уюмунун инвестициялык директору Даниэль Абдылдаев укуктук базаны түзүү венчурдук экосистеманын өнүгүшү жана өнөктөштөрдүн кызыгуусун арттыруу үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи.