Веложол, көпүрөлөр. Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу кандай жүрүүдө?

Аймак Загрузка... 21 Май 2025 16:04
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай баатыр тилкесинде курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштери былтыр 1-апрелде толук башталган.

Долбоорго ылайык, эки тилкелүү жол төрт тилкеге чейин кеңейтилип, ортодо бөлгүч тосмолор орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, веложол, автобус токтоочу жайлар, светофорлор орнотулуп, калктуу конуштарды толугу менен эки тараптуу жарыктандыруу пландалууда.

Мындан тышкары, 14 көпүрө, 877 суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу жана реконструкциялоо жумуштары каралган.

Учурда жер негизин даярдоо жана асфальт тɵшɵɵ иштери үзгүлтүксүз жүрүүдɵ. 53 жерде суу өткөрүүчү түтүктөр курулуп, 10 кɵпүрɵнүн курулушу уланууда. Курулуш иштеринин башталгандан бери 15,8 чакырым бир тараптуу асфальт тɵшɵлдү.