Комиссия мүчөлөрү гимндин жаңы редакциясын тандоо сынагына катыша албайт - Касмамбетов

Коом 1140 07 Февраль 2025 13:20
IMG_1785.jpeg
IMG_1784.jpeg
IMG_1786.jpeg
IMG_1788.jpeg
IMG_1787.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1785.jpeg
IMG_1784.jpeg
IMG_1786.jpeg
IMG_1788.jpeg
IMG_1787.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясына мыкты долбоорлорду тандоо сынагына ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү катыша албайт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы, комиссиянын төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, сынакка композиторлор, акындар, музыканттар, обончулар, автордук жамааттар катыша алат.

"Бирок ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген адамдар сынактын катышуучусу боло албайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, комиссиянын курамына композитор, акын, жазуучулар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулуктун өкүлдөрү кирген.