Вебкам-студиядагы оңой акчанын оор кесепетин тарткан жаштар

Аналитика Загрузка... 22 Январь 2026 18:25
WhatsApp Image 2026-01-22 at 17.23.07.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Адепсиздик криптодоллар менен каржыланып, ыплас ишмердүүлүктүн трансулуттук кылмыш тобуна айлануусу. УКМК Кыргызстан эле эмес, Казакстанда да виртуалдык интим кызматын көрсөткөн вебкам-студиялардын ири тармагын аныктады. Кармалгандардын баары жаш жигиттер. Эгер күнөөлөрү аныкталса, реалдуу мөөнөткө соттолуп кетүү ыктымалдыгы бар. Анткени Кыргызстандын мыйзамы вебкам-студия ачууга тыюу салат. Алар тыюуларга, УКМК баштаган күч органдарынын тыкыр көзөмөлүнө карабай ишин улантууда. Укуктук эле эмес, этикалык жактан дагы жат деп эсептелген бул ишмердиктин каармандары жалаң жаш кыздар.

Мындан 10-15 жыл мурун вебкам-студия эмне экенин коомчулук тургай, укук коргоо органдары деле билчү эмес. Ар кыл форумдардагы “18-25 жаштагы сымбаттуу кыздар талап кылынат, маянасы жумасына 200 миң сом, батир берилет, фотосессия бекер, тажрыйба талап кылынбайт” деген байма-бай жарыялардын максаты жаштар арасындагы айрым чөйрөлөрдө гана имиш деңгээлинде талкууланып турган. Вебкам-студиялар жөнүндө маалыматтар 2016-жылдары ачык чыга баштады. Журналисттер жаш кыздарды жумуш издөөдө абайлашы керектиги, Бишкекте виртуалдык интимдик кызмат көрсөткөн сайттар иштеп жатканы туурасында жаза башташкан. Вебкам-студияларда кыздар вебмодель аталып, компьютердин видеокамерасы аркылуу жергиликтүү жана чет элдик жарандарга интимдик кызматтарды көргөзө турганы, ал үчүн чоң акчалар төлөнөрү ачыкталды.

2024-жылга чейин вебкам-студияга тыюу салган мыйзам болгон эмес

Өлкөдө дээрлик 2024-жылга чейин вебкам-студияларга уруксат берген же тыюу салган мыйзам болгон эмес. Дал ушул себептен виртуалдык сайттар бир нече жылда эле массалык түрдө көбөйүп кеткен. Вебкам-студиялар эң гүлдөп-өнүккөн учур 2018-жыл десе болот. Бишкек боюнча эң аз дегенде 50 студия иштеген. Аларда жүздөгөн кыздар виртуалдык интимдик кызмат көрсөтүп, ар бири жумасына 30-35 миң сомдон жогору каражат алып турушкан. Бул вебмоделдин кызматынын 30 гана пайызы болгон. Калган 70 пайызы кожоюндарынын чөнтөгүнө түшүп турган. Кыздар ишин сойкулук эмес, сырттан инвестиция тартуу катары баалаган учурлар да болгон.

2018-жылы интернетке жылаңач кыздардын сүрөттөрү жарыяланып, Телеграм соцтармагындагы тайпага вебкамера аркылуу интимдик кызмат көрсөтүлүп жаткан учурдагы видеолор жүктөлгөнү аныкталган. Ушул окуядан кийин коомчулук вебкам-студиялар кооптуу жана кылмыштуу дүйнө чордону экенин сезе баштаган.

Укук коргоо органдарына кыздардан эротикалык видеолорун жайылтабыз деп, миңдеген долларлап акча талап кылуу менен, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканы тууралуу арыздар түшүп турган. Мындай ишти студиялардын жетекчилери жасап жатканы айтылган. Ошондой эле аларды таанып калгандар сүрөттөрдү чыгарып сүрүштүрүп-териштирүү, эл алдында уяткаруу окуялары орун алып, ал гана эмес жазалоо сунуштала баштаган.

Милиция вебкам-студияларын уюштургандарга кылмыш ишин козгой алган эмес. Анткени, Кылмыш кодексинде вебкам-студияларынын ишмердүүлүгү жөнүндө берене эмес, ал боюнча түшүнүк да жок болчу. Кодексте сойкуканаларды уюштуруу, интимдик материалдарды даярдоо жана таратуу, жашы жетпегендерди ыплас иштерге тартуу боюнча беренелер гана болгон. Мыйзамдуу чара жок болгондуктан, милиция рейд учурунда аныкталган вебмоделдерге чара көрө алган эмес. Интимдик онлайн кызмат көрсөтүүлөр жазылбастан түз эфирде кеткендиктен жаза колдонуу да мүмкүн эмес эле. Алардын дарегин, сүрөт-видеолорду тараткандарды аныктоо да оор болгон.

Ыплас ишмердиктин трансулуттук кылмыштуу топко айлануусу

2019-жылы вебкам-студия ачуу кадимки көрүнүшкө айлана баштаган. Студия ачууга инвестиция салып, алданып калгандар да болгон. Чара көрө турган мыйзамдын жоктугунан бир нече жылда эле вебкам-студия бизнеси трансулуттук деңгээлге чыккан. Жыйынтыгында көйгөйлөр да ирилеше баштады.

Буга байланышкан чоң жаңжал коронавирус пандемиясы күч алган 2020-жылы чыкты. Коомчулукта вебкам-студиялардын ири түйүнүнүн кожоюну катары таанымал Даниэл Ажиев ковидден жабыркагандарга миллиондогон суммада гумжардам берет. Адепсиз иштер менен табылган каражаттар боюнча элдин чоң сынына кабылып, окуя ырбап кеткен. Ошол кезде Ажиевдин чет мамлекеттерге саякаты, кымбат ресторандардагы тамактануусу, жакындарына кымбат баалуу белектери, апасын саатына 2300 доллар ижара акысын төлөп тик учак менен сейилдеткен учурлары жарыяланган. Жыйынтыгында Даниэл Ажиев вебкам-студиялардын трансулуттук ири түйүнүн иштетип жатканы аныкталган. Анда кылмыштуу топто иштеген 300 кызматкер, жүздөгөн техникалар табылган. Студияларында айына 300 миң доллар акча айланып турганы аныкталган. Ар кыл беренелер менен 2024-жылы Ажиев 9 жылга соттолгон. Ушул эле жылы 25 жаштагы кыргызстандык Казакстанда трансулуттук кылмыштуу топ түзүп, вебкам-студияларды ачуу менен ондогон кыздарды, анын арасында жашы жете электерди иштеткени аныкталып, 12 жылга соттолгон.

Вебкам-студия уюштургандар соттолуп, вебмоделдерге айып пул салынат

2023-жылы Жогорку Кеңеште вебкам-студияларды кылмыш катары саноо сунушу берилип, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. 2024-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда вебкам-студияларды уюштурууга тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, түз эфир аркылуу сойкулукту уюштургандар 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин айыпка жыгылат же 3 жылдан 15 жылга чейин соттолот. Ал эми сексуалдык каалоолорун канааттандырууга багытталган түз эфирге катышып, интимдик оозеки мамиле кылгандарга 10 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Берене киргизилгенден кийин да бул иш токтогон эмес. 2025-жылы вебкам-студияларды таргеттик реклама менен жарнамалаган учурлар аныкталган. 2026-жылдын башында УКМК Кыргызстан эле эмес Казакстанга да иштеген трансулуттук кылмыш тобун аныктады.

Жаштарга баалуулуктарды сиңирүү оңой эмес

Кыздардын адепсиз кадамдарга баруусуна жокчулук, жумушсуздук себеп экени айтылып жүрөт. Мындан сырткары жаштарды тарбиялоодогу кемчиликтер аталууда. Психолог Сейил Калдыбаева маселенин тамыры үй-бүлөдөгү тарбияда жатканын белгилейт.

WhatsApp Image 2026-01-22 at 17.20.19.jpeg

“Бул жаатта иштеген кыздар эмне себептен мындай кадамга барышат? Мен психолог катары айтсам, биринчиден, аларда мындан башка жол жок деген ишеним бар. Стресс болгондо мээнин оңой жолго качырган сапаты бар. Азыркы жаштар бат жана оңой акчага басым жасашат.

Экинчиден, көп кыздар өзүн сырткы көрүнүшү менен баалап, менин пайдам тийсе, мени колдонсо, менин сулуулугумду пайдаланса гана маанилүүмүн деген түшүнүктө. Алар ички ресурстарын, жан дүйнө байлыгын, ички сулуулугун, ички таянычын, өзөгүн көрө албай жатышат.

Мунун тамыры ата-энеге барып такалат. Ата-эне өзү аңдабастан тентек кылбасаң, мени уксаң, жакшы кыз болсоң ушундай жакшы нерселерди кылып берем деп шарт кое берип, шартсыз сүйүү болбой турганына баланы ынандырып коет. Бала ошол мамиле менен калыптанып, ага жылуулуктун жетишпегени, эмоционалдык четке кагуу, травмалык тажрыйбаларга кошулуп, бала өзүн такыр баалабай калышы мүмкүн. Жылуу сөзгө муктаж кыздар ыплас чөйрөлөрдө өзүн сулуу, баалуу, маанилүү, керектүү сезип, ички боштукту ошол жерден толтурушат.

Кээ бир кыздар мындай иштерде айла жоктон, ата-энемди багышым керек деп жүрүшөт. Мунун дагы психологиялык себеби бар. Кээде, ата-эне менен балдардын ролу алмашып, балдар ата-энени ролун, жоопкерчилигин жүктөп алышат. Мага консультацияга келген кыздардын арасында апасынын ордуна туруп калгандар бар. Анткени, өзгөчө жалгыз бой энелер - мен сени жалгыз чоңойттум, мени багышың керек, атаң жок өстүң деп, милдеттүү кылып салышат.

Жеке чек арасын, денесин коргой албаган кыздар бар. Аларга жыныстык тарбия берилген эмес. Алар башкалардын каалоосун өзүнөн жогору коюп алышат. Аларды кылмыштуу система оңой колдоно алат.

Алар вебкам-студиялардан толгон травмалар менен чыгышат. Ансыз деле жаралуу жандар, ал жакта иштегенден кийин тагдырым талкаланды, кирмин, эч кимге керегим жок, бактылуу болууга акым жок, мен бүткөн кишимин деген түшүнүктү карманышат. Жашоосун ооздуктай албай, өз тагдырына балта чабат.

Ошондой эле, кибербуллингге кабылышат. Сүрөт-видеолору менен манипуляция кылып, коркутууларга дуушар болот. Ошондуктан мунун алдын алуу үчүн күрөш жүрүп, мыйзамдар чыгып жатат. Бирок, баары тарбия берүүдөн башталат.

Тарбия берүүдө атанын ролун белгилеп, аталарга кайрылгым келет. Кыздарды аталык мээрим менен кучактагыла, дүйнөдө андан сулуу, андан акылдуу кыз жок экенин айтып тургула. Бул мамилени көрбөгөн кыздар кийин эркектердин анча-мынча көңүл бурганына тартылып, жылуулук издей башташат. Азыр балдар баарын билет, түшүнөт. Кыз болобу, эркек болобу жыныстык тарбия берилүүсү керек. Эгер ата-эне аны уят катары четке какса, балдар интернеттеги терс маалыматтар менен чоңоюшат.

Эркек балдарды талдасак, биз эркек баланы тарбиялаганды билбейбиз. Ал чоңоюп келатканда анын көз алдында аялдын баалуулугун түшүрүп салабыз. Карындашын уруп койсо, эч нерсе эмес, ал байкең деп аялдын баалуулугун эркектин көз алдында төмөндөтүп коебуз. Биринчи атасы, энесин кордоо аркылуу аялзатынын кадырын түшүрөт. Бала аялдарга ушинтсе боло берет экен деген ойдо чоңоет. Аял бааланбаган коомдо жашап жатабыз. Бул феминизм эмес. Бул аялзатына аяр мамиле кылуу. Балдарга баалуулукту сиңирүү оңой эмес. Муну оозубуз менен эмес, тажрыйбабыз менен көрсөтүшүбүз керек”, - деди психолог Сейил Калдыбаева.

Жаштарга улуттук жана инсандык баалуулуктарды сиңирүүнүн мааниси

Кыргыз жаштарын улуттук баалуулуктар жана адеп-ахлак аркылуу тарбиялоо маанилүү. Мындай тарбия үй-бүлөдө башталып, мектеп, жергиликтүү бийлик жана медиа аркылуу системалуу жүргүзүлүшү керек.

WhatsApp Image 2026-01-22 at 17.46.50.jpeg

“Маариф” фондунун орун басары Кыялбек Акматов мурунку муун менен азыркы жаштардын айырмасын белгилейт. Эгер ата-энелер туура тарбияны билбесе, балдарына да жеткире албайт. Мектептерде “Инсандык өнүгүү” сабагы бар, жумасына бир жолу окуп, инсандык баалуулуктарды калыптандырууга таасир берет.

Жогорку окуу жайларда тарбия жагы жетишсиз. Студенттер эркин болуп, жүрүм-турумун көзөмөлдөй албайт. Аларга “Уңгу жол” жана улуттук баалуулуктарды үйрөтүү керек, анткени 3–4 жыл ичинде алар өздөрү ата-эне болот.