Ватиканда Рим папасы Леонун XIV инаугурациясы өттү

Дүйнө Загрузка... 19 Май 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Күн мурун Ватиканда Рим папасы Леонун XIV инаугурациясы өттү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка караганда, салтанаттын алдында понтифик үстү ачык “папамобил” унаасы менен Ыйык Петр аянтын айланып өтүп, миңдеген динге ишенгендерди тосуп алган. Салтанатка чогулгандардын саны 250 миңдей адамды түзгөн.

Андан кийин ал Ыйык Петр чиркөөсүнүн мүрзөсүнө барып, ал жерден ага папалык бийликтин символдору – папа шакеги жана паллий деп аталган кресттер саймаланган койдун жүнүнөн жасалган лента тартууланган.

Жаңы Рим папасы өзүнүн инаугурация маалында Чиркөөнү тынчтыкка жана биримдикке чакырып, жер ресурстарын туура пайдаланууга чакырган.

Агенттик белгилегендей, папаны такка отургузууга чет өлкөлөрдөн, падышалык үйлөрдөн жана диний конфессиялардан 150дөн ашык делегация келди. Алардын арасында Украинанын президенти Владимир Зеленский, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони, Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен, Испания менен Бельгиянын падышалары Филипп VI жана Филипп болгон.