Ватикан Зеленский менен Путинди түз сүйлөшүүгө чакырды

Дүйнө 782 21 Май 2025 10:05
WhatsApp Image 2025-05-21 at 06.45.28.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-21 at 06.46.19.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-21 at 06.45.28.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-21 at 06.46.19.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Күн мурун Рим папасы Зеленский менен Путиндин түз байланышына кызыкдар экенин ырастады. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбига “Euronews” маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.

WhatsApp Image 2025-05-21 at 06.46.19.jpeg

“Рим папасы мамлекет башчыларынын жолугушуусун Ватиканда өткөрүүнү сунуштап жатат. Биз мүмкүн болгон жолдорду карап жатабыз”, - деген Сыбига.

Сыбига белгилегендей, президент Зеленский да Дональд Трамп менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Эске салсак, АКШ президенти биринчи Зеленский менен, андан кийин Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Орус лидери менен эки саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Москва менен Киев сүйлөшүүлөрдү “дароо” баштарын айткан.

Ал ошондой эле өзүнүн социалдык түйүнүндө Рим папасы жолугушууну уюштурууга кызыкдар экенин тактап, жолугушууга даяр экенин билдирген.