Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Ватикан өзүнүн музейдик коллекциясынан Канададагы түпкү элге 62 артефактты кайтарды. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Интерфакс кабарлайт.
Маалыматта белгиленгендей, кайтарылган артефакттардын арасында инуиттердин кайыгы жана Канаданын католик епископтор конференциясынын документтери бар.
Артефакттар 6-декабрда Монреалга жетип, алгач Оттавадагы Канаданын Тарых музейине жайгаштырылат.
Бул буюмдар бир кылымга жакын убакыт бою Ватикандын “Анима Мунди” этнологиялык миссионердик музейинин коллекциясында сакталган.
Экспонаттардын көбү 1925-жылкы көргөзмө үчүн католик миссионерлери тарабынан Римге жөнөтүлгөн. Ватикан аларды Папа Пий XIге берилген белектер болгон деп билдирип келген.
Бирок айрым тарыхчылар бул буюмдар ыктыярдуу түрдө берилгенинен күмөн санашат.